KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Ишти активдүү башкаруу (Тайм-менеджмент)» боюнча семинар

25 октября 2024

2024-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде, USAID «Укук Булагы» долбоорунун колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарды жүргүзүү, коррупциянын алдын алуунун эң маанилүү механизми катары судьялык этика нормаларын жана кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча эрежелерди сактоо темаларындагы  семинардын экинчи бөлүгү болуп өттү, семинар  «Ишти активдүү башкаруу (Тайм-менеджмент)» темасына арналган.


Саламдашуу жана каалоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директорунун орун басары — Айгуль Абдыкеримова сүйлөдү.


 


Лекторлор:



  • Молдошева Д.А. — USAIDдин «Укук Булагы» долбоорунун 4-компонентинин жетекчиси;

  • Алыбаев А.А. – Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары;

  • Джаналиев Б.Б. – Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы.


 


 


Семинарда каралган негизги темалар:



  1. Соттордогу ишти натыйжалуу башкарууну аныктоо жана анын сот системасы үчүн мааниси.

  2. Натыйжалуу иш башкаруунун заманбап сот реформасындагы ролу.

  3. Альтернативдүү талаш-тартыштарды чечүү ыкмалары жана алардын колдонулушу.

  4. Сот процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн процессуалдык инструменттер, анын ичинде кылмыш-жаза, жарандык жана административдик сот өндүрүшү.