Бишкек мэриясынын «Бишкек шаарынын аймагын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын» алкагында
ишембиликке Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Жогорку Сот адилеттиги мектебинин кызматкерлери катышты.
2021-жылдын 3-апрелинде Жогорку адилет мектебинин жанындагы аймакта санитардык тазалоо иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Жогорку Адилет мектебинин кызматкерлери активдүү катышып, санитардык тазалоо жана анын айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.