KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Телеканал НТС: "Высшая школа правосудия совместно с Кыргызпатентом провела круглый стол"

19 декабря 2018

12-декабрь


17 30


А.Б:  Кыргызстанда  жылына  автордук  укуктардын  бузулушу  боюнча 20 дан ашык  иштер  соттордо  каралууда.  Алардын  ичинен көбү  товардык  белгилерге  байланыштуу.  Бул  тууралуу Бишкекте өткөн  тегерк столдо айтылды.  Адистер  кайрылгандардын  көпчүлүгү  товардык белгилерге байланыштуу экендигин  билдиришти.  Деги  эле  Кыргызстанда  автордук  укук кандай  сакталууда?  Кийинки  материалда  баяндалат.


-сереп-


Кабарчы: 12-декабрда Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык  менчик жана инновациялар  мамлекеттик  кызматы  менен Жогорку Сотко караштуу Сот  адилеттигинин жогорку мектеби биргелешип  автордук  укуктун  корголушу  боюнча  тегерек  стол өткөрүштү.  Жыйынга  соттор,  Казакстандын Жогорку Сотуна караштуу  Сот  адилеттигинин  академиясынын  ректору  Толеш Каудыров  да  катышты.  Жыйында  өлкөдөгү  автордук  укук бузууларды  алдын  алуу,  өлкөдөгү  интеллектуалдык  менчик обьектилерин коргоо  багытында бирге  аракеттенүү  маселелери каралды. Кыргызстанда  жылына  автордук  укуктардын  бузулушу  боюнча 20 дан ашык  иштер  соттордо  каралалаарын айткан   Интеллектуалдык  менчик жана инновациялар  мамлекеттик  кызматынын  жетекчиси  Динара  Молдошева,  алардын  көпчүлүгү товардык  белгилерге  байланыштуу  экендигин  билдирди


СИНХРОН: Динара Молдошева


Кабарчы:    Бишкек  шаардык  сотунун  судьясы  Азамат  Алыбаев көпчүлүк  жарандар  автордук  укуктарын  коргоого аракеттенишпей  тургандыгын белгилейт. Ал  мындай көрүнүштөрдү  мыйзамдардын  оор  жазылып  калгандыгы  менен  түшүндурдү. Ошондой  эле   дүйнөлук  практиканы  пайдаланып, Кыргызстанда да  автордук укукту коргоо багытында сотторду адистештирүү  зарылдыгына токтолду


СИНХРОН: Азамат Алыбаев


Кабарчы: Жыйында  автордук укуктар бузулуп,  башка өлкөлөрдүн көз карашын таңуулап,  улуттук кызыкчылыкты тебелеп –тепселеген теле радио компаниялар иштеп жактандыгы да айтылды.  Теле радио  уюмдарынын  ассоциациясынын  актаруучу директору  Авланбек  Жумабаев мындай каналдар менен күрөшүү  мезгили келгендигин айтат


СИНХРОН: АвланбекЖумабаев


Кабарчы:Мына  ушул  жана  башка  көйгөйлөрдү   чечүү,  автордук укукту  коргоо  багытында  биргелешип иш  алып  баруу  үчүн Жогорку  Сотко  караштуу  Сот  адилеттигинин  жогорку  мектеби менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын  ортосунда  кызматташтык  меморандумуна  кол коюлган.   Автордук  укуктарды  коргоо  боюнча  алдыда да бир катар иш-чаралар  өткөрүлөөрүн  Сот  адилеттигинин  жогорку  мектебинин жетекчиси Раушан Тургунбаева маалымдады


СИНХРОН: Раушан Тургунбаева


Кабарчы: Раушан Тургунбаева коомдун өнүгушү  менен өлкөдө ойлоп  табуучулар  да көбөйүп жаткандыгын белгилеп, алардын автордук  укуктарын  коргоодо  адилеттүү  чечимдерди  чыгаруу  үчүн соттор  атайын окутуулардан  өткөрүлөөрүн  кошумчалады.


Кылмыш  жаза  кодексине  ылайык  башка бирөөнүн интеллектуалдык менчигин уурдап, өзун автор катары тааныткандарга  айып  пул салынып, эркинен ажыратуу жагы да каралган.


Гулнура Сманбекова


Аудиоматериал:




 


Видеоматериал: