KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун төрагалары үчүн эки күндүк семинар өтүүдө

04 сентября 2024

2024-жылдын 3-4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагалардын орун басарлары үчүн багытталган эки күндүк семинар өтүүдө. Бул маанилүү иш-чарада сотту башкаруунун негизги аспектилери, анын ичинде: «Менеджмент жана соттордогу башкаруу» жана «Соттук аудит боюнча колдонмо» темалары каралууда.


Семинардын максаты – жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу гана эмес, сот органдарынын жетекчилеринин кесиптик көндүмдөрүн ар тараптуу өнүктүрүү. Семинар заманбап башкаруу практикасын киргизүү жана соттордун ишинде ачыктыкты камсыз кылууга багытталган. Катышуучулар сот менеджментинин актуалдуу маселелерин талкуулоого, ошондой эле сот органдарынын ишинин жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ички көзөмөл жана аудиттин жаңы куралдары менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.


Семинардын программасына лекциялык жана практикалык сабактар киргизилген, алар сот процесстерин башкаруу жана соттордун ишин уюштуруу боюнча катышуучулардын негизги компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын сот тутумуна ылайыкташтырылып жана киргизилиши мүмкүн болгон ийгиликтүү тажрыйба жана мыкты практикалардын мисалдары каралат.


 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча өз миссиясын улантууда, өлкөнүн сот тутумунун натыйжалуулугун жана маанилүүлүгүн туруктуу жогорулатууга умтулууда.