KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө отурумун өткөрүүдө

30 октября 2024

2024-жылдын 29-30-октябрында Кой-Таш айылындагы Olive Hotel & Spa Ala-Archa мейманканасында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан уюштурулган ведомстволор аралык жумушчу топтун эки күндүк көчмө отуруму өтүүдө.


Бул отурум Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, атап айтканда, 2024-жылдын 7-августундагы №161 “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо” жаатындагы өзгөртүүлөргө байланыштуу өткөрүлүүдө.


Отурумда эксперттер жана ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү максатында, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Дүйшенбекова Гульнара Султанбековна да катышат.


Иш-чара үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүгө жана жарандарды коргоо системасын жакшыртууга багытталган. Ведомстволор аралык кызматташууну арттыруу менен өлкөдө зомбулуктун алдын алуу жана коргоо чараларын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.