KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлери үчүн эки күндүк семинар

16 июля 2024

2024-жылдын 15-16 июлунда Ош шаарында Ош облустук сотунун конферец залында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлери үчүн «Эксперттик комиссияны (ЭК) түзүүнүн жана иштин (архивдин) баалуулугуна экспертиза жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби», «Кыргыз Республикасынын сотторунда иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана соттук актыларды жарыялоонун тартиби» темаларында семинар өтүүдө.


Бул семинардын лекторлору: Усакпаева Гулзат Каныбековна-Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы;


Музукеева Эльнура Каныбековна-Чүй облусунун Административдик сотунун бөлүм башчысы.


Семинарда угуучулар төмөнкү суроолорду карап чыгышат:


— Эксперттик комиссияны (ЭК) түзүүнүн жана экспертиза боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби. Иштердин номенклатурасын түзүү. Иштердин баалулугу. Эксперттик комиссиянын милдеттери. Эксперттик комиссиянын функциялары.


— Эксперттик комиссиянын укуктары. Эксперттик комиссиянын ишин уюштуруу. Документтердин баалуулугун экспертизалоо. Сактоо мөөнөттөрүн аныктоонун тартиби. Туруктуу сактала турган иштердин тизмесин түзүү.


— Архив – негизги түшүнүктөр. Архивдердин негизги түрлөрү.Архивдик фондду түзүүдөгү юридикалык жактардын милдеттери. Жалпы жоболор. Мекеменин архивинин милдеттери. Мекеменин архивинин функциялары.


— Соттун архиви. Соттун архивинин жайларына жана жабдууларына талаптар.Соттун архиви жөнүндө жобо. Жергиликтүү соттун архивариусунун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар. Жергиликтүү соттун архивариусуна коюлуучу талаптар. Соттун архивариусунун функциялары, укуктары, милдеттери.


— Иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруунун жалпы жобосу жана жетекчилиги.Кириш жана чыгыш корреспонденцияларды кабыл алуунун жана каттоонун тартиби. Автоматтык идентификациялоо системасында (АИС) жана статистикалык карталарда (ЭКС) соттук иштерди жана соттук материалдарды каттоо жана эсепке алуу.


— Соттук иштердин (соттук материалдардын) мукабасын тариздөө. Кызматтык каттарды, соттук актыларды тариздөө. Соттук тапшырмалар.


— Сот отурумунун протоколун түзүү.


— Соттук актылардын көчүрмөлөрүн берүү жана жөнөтүү. Каралгандан кийин соттук иштерди (соттук материалдарды) тариздөө. Тизим. Соттук ишти (материалды) соттун канцеляриясына тапшыруу.


Эки күндүк семинар аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.