KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар

27 июня 2024

27-июндан 28-июнга чейин Бишкек шаарындагы GIZ офисинин конференц-залында «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөктөшүү» аймактык GIZ программасынын колдоосу менен «Жарандык иштер боюнча сот чечимдерин түзүү методикасы», «Жарандык сот өндүрүшүндөгү далилдер жана далилдөө» темаларында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн семинар өтүүдө.


Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Качкыналиева Динара Шахтербековна, «Борбордук Азия өлкөлөрүнүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ программасынын улуттук координатору Рустам Мадалиев  сүйлөштү.


Семинардын тренерлери:


Доспаева Кунтуган Ахмеджановна – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.


Томас Херманн – GIZ эксперти, Германиянын Ганновердеги Төмөнкү Саксония райондук сотунун отставкадагы судьясы.


Семинарда угуучулар төмөнкү суроолорду карап чыгышат:


— Жарандык иштерди талдоо методикасы (укук ченемдерин колдонуу методикасы – «реляция» жана «субсумация»).


— Жарандык иштерди казус менен талдоо методикасын түшүндүрүү.


— Соттук далилдердин түшүнүгү жана түрлөрү. Далилдөө предметинин аныктамасы.


— Далилдердин тиешелүүлүгү жана жол берилиши. Далилдөөдөн бошотуунун негиздери.


-Сот чечимдерин түзүү боюнча көйгөйлүү маселелерди кароо, далилдерди чогултуу (кеңештер, сунуштар ж. б.).


Семинардын максаты: угуучулардын жарандык процессте далилдерди чогултуу, изилдөө жана баалоо боюнча зарыл көндүмдөрдү алуусу болуп саналат.


Семинардын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.