KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна биринчи жолу дайындалган судьялар үчүн Комплекстүү программалык окутуу

21 октября 2024

Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна биринчи жолу дайындалган судьялар үчүн комплекстүү программалык окутуу башталды.


 


Саламдашуу жана каалоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева сүйлөдү.


 


Жогоруда аталган иш-чара 2024-жылга бекитилген окуу планына ылайык өтүүдө. Программанын негизинде окуунун узактыгы 41 окуу күндү (320 академиялык саат) түзөт, 2024-жылдын 7-октябрынан тартып 4-декабрына чейин улантылат.


 


Бул курс жарандык, кылмыштык жана административдик блокторду, ошондой эле этика-деонтологиялык блокту жана соттук көндүмдөрдү камтыйт.


 


Окутуунун жыйынтыгы боюнча компьютердик тестирлөө өткөрүлүп, анын натыйжалары Кыргыз Республикасындагы Судьялар кеңешине жөнөтүлөт жана белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр тапшырылат.