KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

"Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган адамдарды сатуу жөнүндө иштер боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу" темасында ведомстволор аралык тренинг

25 апреля 2024

2024-жылдын 25-26-апрелинде Ош шаарында Chavo Hotel мейманканасында «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган адамдарды сатуу жөнүндө иштер боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу»  темасында судьялар, прокурорлор жана адвокаттар үчүн ведомстволор аралык тренинг өтүүдө.


Тренигдин тренерлери:


Иманалиева Айнура, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кадрлар жана квалификацияны жогорулатуу башкармалыгынын улук прокурору.


Тегизбекова Жылдыз, киберукуктук тармагындагы эксперт, профессор, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин байкоочу кеңешинин мүчөсү.


Тойчиев Денис, адам сатууга байланышкан иштерди иликтөөдө МКТны колдонуу боюнча эксперт.


Тренингде угуучулар төмөнкү маселелерди карашат:


-Адам сатуунун кылмыш-укуктук мүнөздөмөлөрү.


-Интернет мейкиндигинде киберкылмыштуулуктун түшүнүгү жана түрлөрү.


— Интернет мейкиндигинде адам сатуу.


-Интернет мейкиндигинде адам сатууга байланышкан иштерди иликтөөнүн учурдагы практикасы.


-Санариптик далилдер: түшүнүгү жана укуктук табияты.


-Санариптик далилдерди колдонуунун жалпы кабыл алынган принциптери.


-Адам сатууга байланыштуу санариптик далилдерди аныктоо жана чогултуу.


-Технологиялык компаниялар жана интернет провайдерлери менен кызматташуу.


-Ачык булактар ​​түшүнүгү (OSINT) жана аларды онлайн иликтөөдө колдонуу.


Тренинг аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.