Бүгүн, 2024-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарында «Интеллектуалдык менчик жана инновациялар өлкөнү өнүктүрүү үчүн: ийгиликтүү келечекке бирге» темасында улуттук форум өтүүдө.
Катышуучулар кийинки маселелерди талкуулашат:
-Интеллектуалдык менчик жана инновациялар экономиканын кыймылдаткыч күчү.
— Инновациядагы жана технологиядагы аялдар.
-Жашыл технологиялар-региондорду өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү.
Улуттук форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу – Садыков Эрмек Эркович катышууда.
Семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги мекемеси тарабынан өткөрүлүүдө.