KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана сот тутумунун окуу борборлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы үчүн тренерлер үчүн тренинг өткөрүлдү

06 декабря 2018

Европа биримдиги жана Тынчтыкты орнотуу фонду, Адам укуктары боюнча ООНдун Жогорку комиссарынын башкармасынын (АУЖКБ БУУ) Борбордук Азия боюнча региондук бөлүмү тарабынан каржылануучу Тең укуктуулук жана социалдык адилеттүүлүккө көмөктөшүү боюнча программасынын алкагында, 2018-жылдын 4-5-декабрында тренерлер үчүн тренинг өткөрүлдү, ал Кой-Таш а. Жаннат Ресорт мейманканасында болуп өттү.


Окутуу методикаларында эксперттердин жана кызматкерлердин  потенциалын жогорулатуу жана окуу программаларын өркүндөтүүгө көмөктөшүү максатында өткөрүлгөн бул иш-чарага республиканын  бардык укук коргоо органдарынын, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, окуу борборлордун өкүлдөрү менен бирге, Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьялары — Чаргынова Т.Т., Бакирова Н.Ж. , жергиликтүү соттордун судьяларыОрозова Д.Т., Джаналиев Б.Б., Канулькулов М, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору — Тургунбаева Р.К. катышышты.


Тренингдин программасы улуу аудиторияга  тренердин негизги ролу жана  окуунун спецификасы менен  өзгөчөлүгүнө, окутуунун  интерактивдик ыкмаларына ээ болууну, натыйжалуу коммуникация, негизги каналдар, вербалдуу жана  вербалдуу эмес коммуникациянын техникасы, чечендик өнөр менен таанышуу жана колдонууну караган. Мындан тышкары, тренингдин жүрүшүндө топтордо практикалык иштөө, кейстерди чечүү, ж.б. активдүү өткөрүлдү.


Тренерлер катары чыгышты: Сыдыкова Зауре – улууларды окутуу боюнча улуттук эксперт,  «SBDC consult» КМ эксперти,  Ибраева Гульнара -«ПИЛ» изилдөө компаниясынын директору, социалдык илимдердин  кандидаты. Мурда АУЦАнын социология кафедрасынын доценты болуп эмгектенген. Гендер, медиа мониторинг жана баалоо боюнча эксперт-консультант.


Алдыда, тактап айтканда 2018-жылдын декабрь айынан баштап 2019-жылдын июль айына чейинки мезгилде алты тренинг өткөрүү пландалууда, анын акыркы максаты типтүү методикалык окуу куралдарын иштеп чыгуу болуп саналат, анын негизинде АУЖКБ БУУ тарабынан судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери, укук коргоо органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы үчүн бир катары тренингдерди  өткөрүүдө окуу борборлорго логистикалык жана финансылык колдоо көрсөтүлөт.


Уюштурулуучу трениндердин аталыштары: “Адам укуктарын окутуу жана интерактивдүү ыкмалар”, “Адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары жана механизмдери”, “Тең укуктуулук жана басмырлабоо”, “Эркин дин”, “Пикирин эркин билдирүү, чогулуш жана ассоциация эркиндиги” жана “Адилеттүү соттук териштирүү”.