Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун аппаратынын кызматкерлери үчүн семинар
2024-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматкерлери үчүн эки күндүк семинар өтүүдө. Иш-чарада биринчи инстанциядагы соттордогу иш кагаздарын жүргүзүү, чектелген документтер менен иштөө тартиби жана жергиликтүү соттордун Автоматташтырылган маалыматтык системасын (АИС) колдонуу маселелери каралат.
Семинардын максаты
Семинар сот аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, сот документтери менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана сот системасында колдонулган заманбап санариптик куралдарды өздөштүрүүгө багытталган.
Семинардын негизги темалары
- Биринчи инстанция сотторунда иш жүргүзүү, сот ишин тариздөө.
- Чектелген документтер менен иштөө тартиби.
- Жергиликтүү сот Автоматташтырылган маалыматтык системасын («ГРСА», «АВФ»): санарип форматта сот иштерин каттоо жана АИСтин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү.
Лекторлор
- Манжиева Аида Жеңишбековна — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кадрлар жана мамлекеттик жарандык кызматынын бөлүмүнүн башчысы;
- Музукеева Эльнура Каныбековна — Чүй облусунун административдик сотунун бөлүм башчысы;
- «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемесинин адистери.
Бул иш-чара сот системасынын ишин оптималдаштырууга өбөлгө түзүүчү заманбап технологияларды өздөштүрүү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.