KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери үчүн семинар

22 апреля 2024

2024-жылдын 22-апрелинде Сот адилеттигинин жогорку мектебинин имаратында  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери үчүн «Этикалык эрежелерди жана кызыкчылыктардын кагылышуусу эрежелерин сактоо коррупциянын алдын алуунун  эң маанилүү механизми катары» деген темада семинар өтүүдө.


Семинардын лектору:


Садыков Эрмек Эркович-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.


Семинарда угуучулар төмөнкү суроолорду карап чыгышат:


— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.


— Кызыкчылыктардын кагылышуусу.


— Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.


Бул семинардын максаты: заманбап шарттарда кесипке зарыл болгон жүрүм-турум принциптерин жана сапаттарды, жүрүм-турумдун негизги принциптерин карап чыгуу жана коомдогу кызыкчылыктардын кагылышуусу жана бул маселенин мыйзам талаптары менен өз ара байланышы жөнүндө талкуулоо болуп саналат.