KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн семинар

20 июня 2024

20-21-июнь Жалал-Абад шаарында Сот адилеттигинин үйүнүн имаратында, Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Үй-бүлөлүк зомбулуктун кылмыш-жаза укуктук маселелери», «Кылмыш-жаза процессинде алдын ала угуу», «Соттук териштирүүнүн жалпы шарттары», «Процессуалдык макулдашуулар, алардын түрлөрү. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүүдө кылмыш-жаза иштерин соттук териштирүүнүн өзгөчө тартиби» семинар өтүүдө.


Семинардын лекторлору: Эсенбаев Нурлан Бердибекович — Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы.


Сабырова Жыпар Жумадиловна – Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы.


Семинарда угуучулар төмөнкү суроолорду карап чыгышат:


— Үй-бүлөлүк зомбулуктун кылмыш-жаза укуктук маселелери.


— Алдын-ала угуу.Түшүнүгү, максаттары, милдеттери.Алдын ала угууну өткөрүүнүн негиздери жана мөөнөттөрү.Алдын ала угууну өткөрүүнүн тартиби.Судья тарабынан алдын ала угууда кабыл алынган процессуалдык маселелер жана чечимдер.


-Соттук териштирүүнүн жалпы шарттары жөнүндө түшүнүк жана алардын системасы.


-Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча соттук териштирүүнүн түзүмү.


-Кылмыш-жаза иштери боюнча сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн практикалык көндүмдөрү.


— Процессуалдык макулдашуунун түшүнүгү жана түрлөрү.


— Күнөөнү моюнуна алуу жөнүндө процессуалдык макулдашуу.


-Тараптардын жарашуусу жөнүндө процессуалдык макулдашуу.


Семинардын аягында катышуучулар: үй-бүлөлүк мамилелердин түрүнө жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө жана соттук териштирүүдө жазык мыйзамдарынын эрежелерин туура колдоно алышат, алдын ала угууларды өткөрүү маселелерин жөнгө салуучу процесстик макулдашуулар боюнча өтүнүчтөрдү жана Жазык-процесстик ченемдерди чече алышат.