KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн семинар

04 июля 2024

2024-жылдын 4-5 июлунда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин имаратында «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөктөшүү» GIZ аймактык Программасынын колдоосу менен «Кыргыз Республикасынын «Күрөө» жөнүндө мыйзамын колдонуудагы көйгөйлөр». Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүүнүн соттон тышкаркы тартиби жөнүндө макулдашууну бузуу менен байланышкан талаштар. «Күрөө» жөнүндө мыйзамды күрөөгө коюлган мүлктүн ар кандай түрлөрүнө (Ишкана. Айыл чарба багытындагы жер участоктору, баалуу кагаздар, ипотека ж.б.) Карата колдонуунун өзгөчөлүктөрү деген темаларында жергиликтүү судьялары үчүн семинар өтүүдө.


Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Базаралиева Анархан Мамбетовна, «Борбордук Азия өлкөлөрүнүнүн укуктук мамлекеттүүлүгүнө көмөктөшүү» GIZ программасынын улуттук координатору Рустам Мадалиев  сүйлөштү.


Семинардын лекторлору:


Давлетбаева Мадина Акремовна-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.


Доспаева Күнтуган Ахмеджановна-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.


Семинардын максаты угуучулар менен биргеликте күрөө  келишимдерди түзүүнү жана каттоонун негизги талаптарын карап чыгуу. Күрөө келишимдердин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алууга айлантуу жөнүндө иштерди, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын жаңы ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздерин ажырата билүүнү, ар кандай соттук инстанциялар тарабынан кабыл алынганын кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароодо кайсы сот ыйгарым укуктуу деген маселелерди үйрөтүү  болуп саналат.