KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Жергиликтүү соттордун судьялары үчүн «Кылмыш-жаза иштери боюнча, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот отурумун алып баруу», «Кылмыш- жаза иштери жоруктар жөнүндө иштер боюнча өкүмдөрдү даярдоо» темасында семинар өткөрүлүүдө:

25 апреля 2024

2024-жылдын 25-26-апрелинде Сот адилеттигинин жогорку мектебинин имаратында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Кылмыш-жаза иштери боюнча, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот отурумун алып баруу», «Кылмыш- жаза иштери жоруктар жөнүндө иштер боюнча өкүмдөрдү даярдоо»  темалары боюнча семинар өтүүдө.


Семинардын лектору: Сыдыгалиев Бактыбек Арленович-Ош шаардык сотунун судьясы.


Семинарда угуучулар төмөнкү суроолорду карап чыгышат:


-Соттук териштирүүнүн даярдоо бөлүмү. Соттук териштирүү.


-Тараптардын жарыш сөзү жана айыпталуучунун акыркы сөзү.


— Өкүм чыгаруу жана жарыялоо.


— Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот отурумун алып баруунун өзгөчөлүктөрү.


— Өкүмдүн укуктук табияты жана анын түшүнүгү жана мааниси.


— Кылмыш-жаза процессиндеги өкүмдөрдүн түрлөрү.


-Өкүм чыгарууда сот (судья) тарабынан чечилүүчү маселелер.


-Өкүмдүн түзүмү жана мазмуну.


-Өкүмдү чыгаруу жана жарыялоо тартиби.


-Соттун жеке жана башка аныктамалары (токтомдору).


-Өкүмдү жокко чыгаруу үчүн өкүмдөрдүн жана негиздердин практикалык талдоосу.


Семинардын максаты угуучулардын жазык иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук отурумду биринчи инстанциядагы сотто алып баруу боюнча системалуу билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.


Семинардын максаты — биринчи инстанциядагы сотто жазык иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот жыйналышын жүргүзүү боюнча угуучуларда системалуу билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу болуп саналат.


Семинардын аякташы менен угуучулар тѳмѳнкүлѳрдү үйрѳнѳ алышат:



  • процессуалдык мыйзамдарга ылайык кылмыш иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот отурумдарын өткөрүү;

  • сот процессинин негизги бөлүктөрүн айырмалап, алардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүү;

  • Кылмыш иштери, укук бузуу иштери боюнча соттук отурумдарды өткөрүүдө, процесстик мыйзамдардын ченемдерин туура колдонуу;

  • Кылмыш-жаза иштерин, укук бузуу иштери боюнча сот практикасы


менен таанышуу;



  • Кылмыш иши жана укук бузуулар боюнча сот отурумдарын өткөрүүдө пайда болгон эң көп кездешкен көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды изилдеп, аларды чечүү.


Семинар аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.