KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Судьялар, прокурорлор, адвокаттар жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасында диний жана башка ынанымдардын эркиндиги: укуктук жөнгө салуунун жана айрым маселелерди конституциялык жана эл аралык стандарттарга ылайык кароонун практикасы» темасында семинар

20 июня 2024

20-июндан 21-июнга чейин Сот адилеттигинин жогорку мектебинин имаратында судьялар, прокурорлор, адвокаттар жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасында диний жана башка ынанымдардын эркиндиги: укуктук жөнгө салуунун жана айрым маселелерди конституциялык жана эл аралык стандарттарга ылайык кароонун практикасы»  темасында семинар өтүүдө.


Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Базаралиева Анархан Мамбетовна, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борборунун директорунун орун басары Куменова Айзада Тилегеновна жана  «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» коомдук доолбоорунун өкүлчүлүгүнүн  координатору Умарахунов Ильхам сүйлөштү.


Семинардын тренерлери: Мусабекова Чынара Абдбакасовна, ю.и.к., доцент, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу.


Алымбаев Нурлан Сатылканович, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун төрагасынын орун басары,    «ALYMBAEV» юридикалык фирманын директору.


Асланова Индира Шахэминовна, дин таануучу.


Семинар төмөнкү программа боюнча өтөт:


-Кыргыз Республикасында диний жана башка ынанымдардын камсыз кылуунун укуктук негиздери.


-Диний жамааттын юридикалык жак катары статуска ээ болушу.


-Өзгөчө кырдаал шартында диний ишти жүзөгө ашыруу.


-Абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу (материалдык бөлүгү).


-Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу (материалдык бөлүгү).


-Диний уюмдарды/диний ишмердикти жоюу/тыюу салуу менен байланышкан иштерди кароонун тартиби.


-Эркиндикке жана дин тутууга укукту ишке ашыруу чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш (процесстик бөлүк).


-Кыргыз Республикасында материалдарды экстремисттик деп таанууга байланыштуу иштерди кароонун укуктук аспектилери.


Бул семинарды өткөрүүнүн максаты: абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту ишке ашыруу чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча угуучулардын кесиптик көндүмдөрүн жакшыртуу, конституциялык принциптердин жана абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоонун эл аралык стандарттарынын талаптарын эске алуу менен бул иштерди кароодо алардын квалификациясын жогорулатуу.