2024-жылдын 25-26 апрелинде «Jannat Resort Koi-Tash» мейманканасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, жергиликтүү соттордун судьялары жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери үчүн “Качкындардын статусун аныктоо жол-жоболорунда 1951-жылдагы Конвенциянын критерийлерин колдонуу”
темасында семинар өтүүдө.
Семинарда угуучулар төмөнкү суроолорду карап чыгышат:
-Башпаанек институту менен тааныштыруу. Башпаанек маселеси боюнча улуттук жана эл аралык мыйзамдарга сереп салуу.
— Качкындардын статусу жөнүндө Конвенцияга, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык качкын түшүнүгүн аныктоо. Качкын статусун берүүнүн тартибине коюлуучу талаптар.
-Арызды талдоо. Далилдөө түйшүгү.
— Келип чыккан өлкө жөнүндө маалыматтар жана булактары.
Молдованын соттук практикасында келип чыккан өлкө жөнүндө маалыматтарды баалоо проблемалары.
— Башпаанек издегендердин арыздары боюнча өлкөлөр боюнча статистика. Өлкөлөр боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү. Практикалык мисалдарды талдоо.
— Молдова менен Кыргызстандын башпаанек маселеси боюнча соттук практикасына сереп салуу. Соттук иштердин статистикасы.
— Молдовада судьялар тарабынан качкын макамын берүүдөн баш тартуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин сапатына баа берүү.
— Экстрадициялоонун укуктук негиздери. Чет мамлекетке өткөрүп берүүдөн баш тартуунун негиздери. Чет өлкөлүк жарандарды башпаанек берүү процедурасынын алкагында экстрадициялоонун өзгөчөлүктөрү.
-Молдовада экстрадициялоо боюнча иштерди кароонун соттук практикасын карап чыгуу.
Экстрадициялоо иштеринде кыйноо коркунучун аныктоо методологиясы.
Семинардын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.