2024-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде ЮСАИД «Укук булагы» долбоорунун 4-компонентинин колдоосунда жергиликтүү соттордун судьялары үчүн «Соттордо насаатчылык» темасында тренинг өтүүдө. Семинар эки топко бөлүнүп, эки сессияда өтүүдө. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын сот тутумунда насаатчылык системасын бекемдөөгө жана соттук иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Саламдашуу жана каалоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева, USAIDдин «Укук булагы» программасынын жетекчиси Фред Хьюстон жана USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун компонентинин жетекчиси Алмаз Касымбеков сүйлөдү.
Лектор катары Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы – Уметова Айгүл Таштанбековна өтүүдө. Тренингде катышуучулар насаатчылыктын алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүшүп, өз ара тажрыйба алмашып, судьялардын кесиптик өнүгүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Басма сөз байланыштары:
Телефон: +996 312 45-65-77
Электрондук почта: jtc.kg@mail.ru
Вебсайт: http://vshp.sot.kg/