KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Жергиликтүү соттордун судьялары үчүн «Соттордо насаатчылык» жана «АИС жергиликтүү Сот. «Сот» жана «ГРСА» темаларындагы тренинг

13 сентября 2024

2024-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби ЮСАИД «Укук булагы» долбоорунун 4-компонентинин колдоосунда Ош шаарында жергиликтүү соттордун судьялары үчүн «Соттордо насаатчылык» жана «АИС жергиликтүү Сот. «Сот» жана «ГРСА» темаларында тренинг өткөрүүдө. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын сот тутумунда насаатчылык системасын бекемдөөгө жана соттук иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.


Саламдашуу жана каалоо сөздөрү менен Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Азамат Алыбаев сүйлөдү.


Лекторлор катары Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы – Уметова Айгүл Таштанбековна, Сыдыгалиев Бактыбек Арленович – Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы жана Джайлообаева Даанакан Абдыманаповна — «Адилет Сот» мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн бизнес-аналитиги өтүүдө. Тренингде катышуучулар насаатчылыктын алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүшүп, өз ара тажрыйба алмашып, судьялардын кесиптик өнүгүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашат.


Басма сөз байланыштары:


Телефон: +996 312 45-65-77


Электрондук почта: jtc.kg@mail.ru


Вебсайт: http://vshp.sot.kg/