2024-жылдын 5-6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк семинар өтүп жатат. Семинарда заманбап сот тутумуна тиешелүү актуалдуу темалар талкууланууда. Иш-чаранын алкагында сот психологиясы, коммуникативдик көндүмдөр жана судьялардын стресске туруктуулугу боюнча маселелер каралып, сот өндүрүшүн автоматташтыруунун заманбап системалары үйрөнүлүүдө.
Семинардын башталышында Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лектору Токомбаева Айсулуу Тарасовна Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата соттордун жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөткөндүгү жана үзүрлүү кызматташтыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Семинарда төмөнкү негизги темалар каралууда:
- «Соттук психологиясы. Коммуникативдик көндүмдөр. Судьялардын стресске туруктуулугу»
Катышуучулар соттук ишмердүүлүктөгү психологиялык маселелерди терең карап, сот процессине катышкан тараптар менен болгон өз ара мамилелерге басым жасашууда. Лектор судьялардын коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана стрессти башкаруу алардын милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн абдан маанилүү экендигин белгилешти.
- Автоматташтырылган маалымат системалары (АИС)
Семинардын экинчи бөлүгүндө соттук өндүрүштө заманбап технологияларды колдонуунун практикалык жагы каралды. Судьялар «СУД», «ГРСА» автоматташтырылган маалымат системалары, ошондой эле «АВФ» пакети жана «ПСЗ» укуктук системасы менен таанышат. Бул инструменттер соттордун ишин натыйжалуураак жүргүзүүгө жана сот процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган.
Семинар катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана укукту колдонуудагы актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби сот системасында заманбап стандарттарды ишке ашыруу жана судьялардын квалификациясын жогорулатуу боюнча активдүү иштерин улантат.