KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби экономика жана башкаруу чөйрөсүндө - экономика багыты боюнча кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

21 июня 2023

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:


 



  1. Кесиптик билим деңгээли:



  •  Экономика жана башкаруу жаатында жогорку билим-


экономика;



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


         —   иш тажрыйбасына талаптар коюлбайт.


 



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Жалпы мыйзамдарды билүү:


— Кыргыз Республикасынын Конституциясын.


— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.


— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасын.


Предметтик мыйзамдарды билүү:



  • “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор


жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;



  • Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»,  «Кыргыз


Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдарын;



  • 2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар


кеңешинин чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндө” Жобосун;


Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


Билгичтиги:



  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

  • 1С электрондук системасында финансылык документтерди жүргүзүү;

  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу


даярдоо;



  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо


жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;


—   кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;



  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

  • мамлекеттик жана / же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;

  • командада иштөө.


 


Көндүмдөрү:



  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада


колдонуу.



  • компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык


продуктуларды колдоно билүү.


 


 Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:


—   жеке арыз;



  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча сүрөт менен (4х6);

  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

  • резюме сүрөтү менен (электрондук дарегин көрсөтүү менен);

  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн


негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;



  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

  • окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);


 


Документтер  2023-жылдын 22-июнунан  6-июлуна    чейинки мөөнөттө саат 9:00дөн 17:00гө чейин жумуш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин (түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин) төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Москва көч., 201, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби, 9-кабинет, маалымат үчүн телефон: (0312) 454743.


 


 


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдарга  ачык сынакка катышууга жол берилбейт.