Бүгүн, 2024-жылдын 18-октябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан USAID «Укук Булагы» долбоорунун колдоосу менен «Ишти активдүү башкаруу (Тайм-менеджмент)» темасындагы семинар өткөрүлүүдө. Семинар соттук иштерди жана процесстерди натыйжалуу башкарууга багытталган.
Семинардын лекторлору:
Алыбаев А.А. — Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары;
Джаналиев Б.Б. — Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары.
Семинарда каралган негизги темалар:
- Соттордогу ишти натыйжалуу башкарууну аныктоо жана анын сот системасы үчүн мааниси.
- Натыйжалуу иш башкаруунун заманбап сот реформасындагы ролу.
- Альтернативдүү талаш-тартыштарды чечүү ыкмалары жана алардын колдонулушу.
- Сот процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн процессуалдык инструменттер, анын ичинде кылмыш-жаза, жарандык жана административдик сот өндүрүшү.
Семинар теоретикалык бөлүктү да, практикалык тапшырмаларды да камтыйт. Иш-чарага катышкан судьяларга семинар аяктагандан кийин сертификаттар тапшырылат.