2024-жылдын 16–17-октябрында Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби окуу залында Кылмыш иштери боюнча процесс жүргүзүүдө тараптардын атаандаштыгынын принцибин талкуулоо жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча семинар өтүп жатат.
Семинарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары, прокурорлор жана адвокаттар катышууда.
Лекторлор:
- Ирина Николаевна Воронцова, Чүй облустук сотунун судьясы;
- Гульнара Султанбековна Дуйшенбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу;
- Медербек Шаршенбекович Абдышев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыш, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө Башкы башкармалыгынын улук прокурору.
Семинардын негизги темаларына кылмыш иштери боюнча атаандаштыктын принциптерин ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү талкуулоо жана практикалык көндүмдөрдү бекемдөө кирет. Катышуучулар чакан топтордо иш алып барышып, тажрыйба алмашуу жана практикалык тапшырмаларды чечүү менен иштешет.
Бул семинар сот системасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга жана судьялар, прокурорлор жана адвокаттардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.