Бүгүн, 16 мартта Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциясына биринчи жолу дайындалган судьяларды комплекстүү окутуу программасы боюнча квалификациясын жогорулатуу курсу өз ишин баштады.
Окутуу 2020-жылдын 16-мартынан 25-апрелине чейин өткөрүлөт. Программага ылайык окутуунун узактыгы 30 окуу күнүн (234 академиялык саатты) түзүп, “Кыргыз Республикасындагы сот тутуму, сот түзүлүшү. Соттук көз карандысыздыктын эл аралык стандаттары”, “Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун жол-жобосу жана укуктук негиздери”, ошондой эле жарандык, жазык жана административдик блок боюнча темалар окутулат.
Окутуунун жыйынтыгы боюнча компьютердик тестирлөө жүргүзүлүп, жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Эксперттик – окуу коммисиясына жөнөтүлөт.
Жогоруда аталган иш-чара 2020-жылга бекитилген окуу планга ылайык өткөрүлүүдө.