Бүгүн, 2025-жылдын 11-мартында, Кыргыз Рспубликасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттинигин жогорку мектебинде “Заманбап Кыргызстандагы коррупцияга каршы саясат. Сот системасындагы коррупциянын алдын алуу” жана “Кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча эрежелерди сактоо — коррупциянын алдын алуунун эң маанилүү механизми” деген темаларда тренинг болуп өттү.
Бул тренинг Сот адилеттинигин жогорку мектебинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдагы 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” иш чаралар планын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Рспубликасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу үчүн 2025-2027-жылдарга Кыргыз Рспубликасынын Жогорку сотунун 2024-жылдагы 23-июлунда № 83 буйругу менен бекитилген иш чаралар планын аткаруу үчүн уюштурулган.
Катышуучуларга Сот адилеттинигин жогорку мектебинин окутуучулары Дуйшенбекова Гульнара Султанбекова жана Садыков Эрмек Эркович лекция окушту.
Тренингдин жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча темалар каралып, мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана адилеттүү сот системасынын кепили, ошондой эле коррупциянын түрдүү белгилерине, критерийлерине жана көрүнүштөрүнө карата классификациясы жана өлкөдө анын пайда болуусуна шарт түзгөн бир катар факторлор талкууланды.
Андан сырткары, катышуучулар “Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы Конвенциясын ратификациялоо тууралуу”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” жана «Кызыкчылыктардын кагылышуусу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен таанышып чыгышты.
Окуунун соңунда катышуучулар суроолоруна жооп алып, ой-пикирлер менен алмашышты.