KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору жана окутуучусу Жогорку соттун делегациясы менен ШКУга мүчө мамлекеттердин судьяларынын форумуна катышты

07 июля 2026

Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында «Кытай – ШКУ» аймактык сотторунун судьяларынын «Аймактардын сапаттуу өнүгүүсү үчүн аймактар аралык соттук кызматташтыкты тереңдетүү» аттуу форуму болуп өттү.


Иш-чара Шанхай Жогорку элдик соту жана Шанхай саясий илимдер жана укук университети тарабынан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер үчүн Эл аралык юридикалык даярдоо жана кызматташтык борборунун базасында уюштурулду.


Форумга 100дөн ашуун делегат катышып, алардын катарында Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын жогорку сот органдарынын жетекчилери жана судьялары, ошондой эле ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү болду.


Кыргыз Республикасынын сот тутумунун атынан эл аралык форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Жамалкан Исакова, Инара Гилязетдинова менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттиги мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов, ошондой эле  Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин мүчөсү Наталья Алёнкина катышты.


Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик сотунун төрагасынын орун басары Шэнь Лян чет өлкөлүк делегациялардын жетекчилери менен жолугушуп, форумдун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Катышуучулар өз сөздөрүндө форумдун өзгөчө маанисине токтолуп, 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнө 25 жыл, ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешме механизминин түзүлгөнүнө 20 жыл толуп жатканын белгилешти.


Панелдик талкууларда катышуучулар аймактар аралык соттук кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, бир катар негизги багыттар боюнча жалпы мамилелерди калыптандырууга өзгөчө көңүл бурушту. Алардын катарында чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү сооданы соттук кепилдиктер менен камсыз кылуу, судьяларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, сот өндүрүшүндө жасалма интеллект технологияларын колдонуу, ошондой эле мыйзам үстөмдүгүнүн принциптеринин негизинде ишкердик жүргүзүү үчүн укуктук жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу маселелери болду.


Форумдун практикалык бөлүгүнүн алкагында кыргызстандык делегация кесиптештери менен биргеликте Шанхай Жогорку элдик сотуна жана Шанхай шаарынын Биринчи орто инстанциядагы элдик сотуна барышты. Делегаттар Кытай Эл Республикасында сот адилеттигин жүзөгө ашыруу процесси менен таанышып, ошондой эле сот тутумун санариптик трансформациялоо жана санариптештирүү багытындагы кытайлык кесиптештердин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүштү.