KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Урматтуу айымдар! Сиздерди жаркыраган жаз майрамы – 8-март майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

07 марта 2025

Сиздер бул дүйнөнүн тирегисиздер. Сүйүүнүн жана боорукердиктин үлгүсү болуп, жашоонун маңызын ээлеген  айымдардын артында, түбөлүк баалуулуктар — сүйүү, үй-бүлө жана боорукердик сакталып келет. Сиздердин колдооңуздар ар бир күндү өзгөчө кылып,  жылуулук тартуулап, дем-күч берет.


Аял заты өзүн ар тармакта ишенимдүү көрсөтүп, жумушта, үй-бүлөдө же коомдук турмушта баа жеткис салымын кошууда. Сиздердин күчүңүздөр, акылмандыгыңыздар жана чыдамкайлыгыңыздар алдыга умтулууга салым кошот.


Жалпы айымдарды 8-Март майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз! Жашооңуздардагы ар бир күн бакытка, кубанычка толсун. Жаныңыздарда ишенимдүү жана мээримдүү жакын адамдар болуп, ой тилектериңиздер ишке ашсын!