KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Жасалма интеллект жана КР Санарип кодекси сот системасында: КР жергиликтүү соттордун судьялары үчүн семинар

12 февраля 2026

Бүгүн КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси: негизги принциптери, түзүмү жана сот системасы үчүн мааниси», «Сот системасындагы жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар», «Соттук психология. Коммуникативдик көндүмдөр. Судьялардын стресске туруктуулугу» деген темаларда окутуу өтүп жатат.


Биринчи күнү, Нарын облустук сотунун судьясы Исаева Айзада Чолпонкуловна лектор болот. Бул күнү катышуучулар Санарип кодексинин негизги принциптери жана түзүмү, жарандардын санариптик укуктары жана аларды коргоо механизмдери, сот системасы үчүн Санарип кодексинин мааниси жана колдонуунун практикалык аспектилери, ошондой эле, киберкоопсуздук жана маалыматтарды коргоо темаларын талкуулашат.


Андан сырткары, сот системасындагы жасалма интеллект, андагы мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар тууралуу да талкуу болот.


Семинардын экинчи күнү соттук психологияга арналган, анда психология илимдеринин кандидаты, Б. Н. Ельцина атындагы КРСУнун доценти Токомбаева Айсулуу Тарасовна лектор болуп, судьялардын ишмердүүлүгүнүн психологиясы, коммуникативдик көндүмдөр, стресске туруштук берүү жана стрессти жеңүү ыкмаларын талкуулашат.


Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.