KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине илимий-практикалык комментарий басылып чыгарылды

21 января 2025

2011-жылы Жарандык процессуалдык кодексине жазылган комментарий жаңыланып, кеңейтилип жана толукталып, 2017-жылы 25-январда кабыл алынган кодекстин жаны редакциясы эске алынып, 2024-жылдын 24-июлуна карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иштелип чыкты


Комментарий судьяларга, жактоочуларга, жеке юристтерге, юридикалык компаниялардын өкүлдөрүнө, юридикалык окуу жайлардын окутуучуларына, аспиранттарына жана студенттерине арналган.


Аталган комментарий Германиянын Федералдык Өнүктүрүү жана Кызматташтык Министрлиги тарабынан каржыланып, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун «Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» (GIZ)  Программасынын колдоосу менен чыгарылды.


Комментарийди иштеп чыккан жалпы автордук жамаатка, ошондой эле, Өзбекстандагы «Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» программасынын жетекчиси Кристоф Копецкиге, «Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» программасынын (GIZ) аймактык жетекчиси Кристине Коре-Перконеге жана «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук жана соттук реформаларды колдоо» программасынын улуттук координатору Мадалиев Рустам Каримовичке колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.