2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кесиптик жетишкендиктери жана жүктөлгөн милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башкы адиси Жылдыз Акматбекова Ардак грамота менен сыйланды.
Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев сыйлыктарды тапшырып жатып, кесиптештеринин иштерине ийгилик каалады.