Бүгүн, 2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин коллективи Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу, отставкадагы судья Айтбаева Индира Мукашевнаны юбилейлик мааракеси менен куттуктады.
Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева Индира Мукашевнаны юбилейлик мааракеси менен куттуктап, анын педагогикалык талантын, акылмандыгын, жаңы муундарга билим жана тажрыйба берүүгө болгон умтулуусун баса белгиледи. Индира Мукашевнага бекем ден соолук, жаңы ийгиликтерди жана кубанычтуу учурларга толгон узак жылдарды каалады.
Ошондой эле, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин коллективи жана окутуучулары Айтбаева Индира Мукашевнага сот тутумундагы көп жылдык эмгеги үчүн, адистерди окутууга жана даярдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын сот адилеттиги жана билим берүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктерин белгилешти.
Куттуктоо жылуу маанайда, сый-урмат, ыраазычылык билдирүү менен уланып, Индира Мукашевнага ден соолук, бакыт жана жеке жашоосуна, кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.