KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот приставдары кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн Комплекстүү окутуу программасы

16 февраля 2026

Бүгүн КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу башталды. Комплекстүү окутуу программасы 16-февралдан 20-февралга чейин созулат.


Окутуу сот приставдарынын жана сот системасынын ишине байланыштуу ар тараптуу темаларды камтыйыт.


Окуунун алгачкы эки күнүндө угуучулар сот түзүлүшү, сот системасы, мамлекеттик кызматкердин этикасы жана имиджи, учурдагы КР коррупцияга каршы саясаты жана сот системасындагы коррупциянын алдын алуу темаларын окушат.


Кийинки күндөрү катышуучулар сот приставдарынын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда соттордун жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, сот аткаруучулар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин, алгачкы жардам көрсөтүү, ок атуучу табелдик жана электрдик куралды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу, атайын каражаттарды пайдалануу маселелери жана башка ушул сыяктуу темаларды карашат.


Лектор катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары жана чакырылган лекторлор менен адистер болушат.


Комплекстүү окутуу программасы аяктаган соң катышуучулар тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен белгиленген тартипте күбөлүктөр тапшырылат.