KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Сот департаментинин кызматкерлери үчүн Комплекстүү окутуу программасы

25 ноября 2025

Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында КР Жогорку Сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде аталган мектептин жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин кызматкерлери үчүн беш күндүк комплекстүү окутуу программасы башталды. Окутуу кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө, билимди тереңдетүү жана заманбап ыкмаларды өздөштүрүү аркылуу катышуучулардын ишин жакшыртууга багытталган.


Беш күн аралыгында катышуучулар Кыргыз Республикасынын сот түзүлүшү, сот системасы, соттун архивинин ишин уюштуруу жана архивдик иштерди, материалдарды жок кылуу тартиби, мөөнөттөрү ошондой эле, учурдагы Кыргызстандагы коррупцияга каршы саясаты тууралуу темалар каралат. Программада иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамаларды колдонуу тартиби, мамлекеттик кызматкердин этикасы жана имиджи, кызыкчылыктардын кагылышуусу, соттук психология, коммуникативдик көндүмдөр жана конфликтология темалары да камтылган.


Лекторлор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары, жергиликтүү соттордун судьялары жана чакырылган адистер болушат. Окуунун соңунда катышуучулар тестирлөөдөн өтүп, анын жыйынтыгы менен квалификациясын жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылат.