KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Сот аткаруучулар үчүн Комплекстүү окутуу программасы

24 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча Комплекстүү окутуу программасы башталды.


Иш чараны Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директордун орун басары Абдыкеримова Айгуль Анарбековна ачты.


Аталган окутуунун максаты — терең билим жана практикалык көндүмдөр менен камсыз кылып, сот аткаруучуларды кесиптик деңгээлин жогорулатуу. Бул Кыргыз Республикасынын аймагында соттук актыларды натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт.


Беш күн аралыгында катышуучулар сот аткаруучунун укуктук абалы жана компетенциясы, архивдик иштерди жана материалдарды жок кылуунун тартиби жана мөөнөтү, ошондой эле карызкордун мүлкүнөн, эмгек акысынын жана кирешелеринин башка түрлөрүн өндүрүп алуунун тартиби сыяктуу негизги темаларды өздөрштүрүшөт.


Алиментттерди өндүрүү жана алименттик карыздарды өндүрүүнүн тартиби, карызкордун мүлкүн өлкө аймагында жана анын чегинен тышкары издөө темаларына да көңүл бурулат.


Андан сырткары, окуу учурунда угуучулар соттук психология, баарлашуу көндүмү жана конфликтология темаларындагы актуалдуу маселелер менен таанышышат. Бул өз кезегинде кызматкерлердин жарандар менен  өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга салым кошот.


Программанын соңунда катышуучулар сурамжылоо тапшырып, тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча катышуучуларга квалификациясын жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр берилет.