KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Соттордун аппарат жетекчилери үчүн Комплекстүү окутуу программасы

26 мая 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде республиканын бардык аймактарынан келген соттордун аппарат жетекчилери үчүн Комплекстүү окутуу программасы башталды.


Саламдашуу жана каалоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева сүйлөдү.


Окутуу программасы 26-майдан 30-майга чейин уланып, сот тутумуна, ошондой эле катышуучулардын кызматтык милдеттерине байланыштуу ар кандай темаларды камтыйт.


Алгачкы эки күндө сот системасы жана сот түзүлүшү, коррупцияга каршы саясат, адам укуктарын коргоонун Эл аралык жана улуттук механизмдери темаларына көңүл бурулат.


Калган күндөрү угуучулар кесиптик ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу темаларды окушат. Каралып жаткан маселелердин арасында — соттордун аппарат жетекчилеринин укуктук статусу жана функционалдык милдеттери, иш кагаздарын жүргүзүү, жарандык жана кылмыш иштерин тариздөө жана даярдоо, буюм далилдерди кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу сыяктуу темалар бар. Ошондой эле эксперттик комиссияны түзүү жана иштердин баалуулугун экспертизалоо эрежелерине арналган сабактар жана башка актуалдуу темалар камтылган.


Окуунун аягында угуучулар жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өтүшөт андан кийин аларга күбөлүктөр тапшырылат.