KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлерин Комплекстүү окутуу программасы

23 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлерин окутуу уланууда.


Комплекстүү окутуу программасы 23-марттан 27-мартка чейин уланат. Бир жума аралыгында, сот түзүлүшү, Кыргыз Республикасынын сот системасы, ишкердик баарлашуу, мамлекеттик кызматкердин этикасы, сот системасынын коррупцияга каршы саясаты, ошондой эле, судьянын жардамчысынын жана сот отурумунун катчысынын укуктук статусу жана функциялык милдеттери, жарандык жана кылмыш иштерди даярдоо, тариздөө тартиби, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткаруу, сот отурумдарынын протоколдорун жана башка процесстик документтерди түзүү, буюм далилдерин кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу жана башка ушул сыяктуу катышуучулардын ишине тийиштүү темалар каралат.


Лектор катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары жана КР жергиликтүү сотторунун судьялары болмокчу.


Окутуунун аягында катышуучулар тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен аларга күбөлүктөр тапшырылат.