KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Судьянын жеке позициясы – коррупцияга каршы күрөшүүнүн жана сот адилеттигине деген ишенимдин өзөгү

31 марта 2026

КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Гульнара Дуйшенбекова


Коррупция-бул кызмат абалын жеке кызыкчылыкка кыянаттык менен пайдалануу, мыйзамсыз пайда алуу же жеке пайда үчүн мыйзамды бузуу. Кыргыз Республикасынын сот системасы, бардык өлкөлөр сыяктуу эле, коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча активдүү иш алып барууда, анткени жарандардын сот адилеттигине болгон ишеними сотко болгон ишенимден көз каранды.


Бүгүнкү күндө коррупция кандай классификацияланат жана сот системасында коррупциялык көрүнүштөрдүн кандай формалары болушу мүмкүн?


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, коррупцияга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана берүү, ошондой эле башка мыйзамсыз пайда көрүү түрү кирет. Сот тутумунда бул судьяга таасир этүү, чечим кабыл алгандыгы үчүн сыйлык сунуштоо же кызмат абалын жеке кызыкчылыкка пайдалануу аракети катары көрсөтүлүшү мүмкүн.


Жашоо шарттын төмөндүгү коррупциялык тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн деген ойлор бар. Сиздин оюңузча судьяларды коррупциялык жүрүм-турумга кандай факторлор таасир этиши мүмкүн?


Материалдык фактор маанилүү болушу мүмкүн, бирок аныктоочу фактор болуп саналбайт. Негизги себептер-бул укуктук аң-сезимдин деңгээлинин жетишсиздиги, процесстин катышуучулары тарабынан кысым көрсөтүү, ошондой эле туруктуу антикоррупциялык мамилелердин жана жоопкерчиликтин жоктугу.


Сот системасындагы коррупциянын алдын алууда эмгек акынын көбөйүшү жана кылмыш жоопкерчилигин жогорулатуудан башка кандай чаралар эффективдүү болушу мүмкүн?


Материалдык жактан камсыздоо жана жоопкерчиликтин жогорулашынан сырткары, сот ишинин ачык-айкындуулугуна жана отчеттуулугуна багытталган чаралар негизги ролду ойнойт. Бул, биринчи кезекте, иштерди автоматташтырып бөлүштүрүү, ал судьяны тандоого таасир этүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Ошондой эле сот процесстеринин ачыктыгын жана жарандарга сот актыларынын жеткиликтүүлүгү.


Судьялардын кирешелерин жана мүлкүн милдеттүү түрдө декларациялоо маанилүү инструмент болуп саналат. Буга жашоо деңгээлинин мыйзамдуу кирешелерге ылайыктуулугун контролдоого мүмкүндүк берет.Этикалык нормалардын бузулушуна чара көрүү да, тартиптик жоопкерчиликсистемасындаолуттуумаанигеээ.


Мындан тышкары, судьяларды кесиптик этика маселелерин жана антикоррупциялык мыйзамдар боюнча дайыма окутуп туруу, ошондой эле сот тутумунун ичинде коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө жол бербөө түшүнүгүн терең жайылтуу зарыл. Жалпысынан бул чаралар коррупциялык тобокелдиктерди аныктоого гана эмес, алдын алууга да мүмкүндүк берет.


Кызыкчылыктардын кагылышы сот системасы үчүн канчалык олуттуу коркунуч туудурат жана ал кандай жол менен коррупциялык тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн?


Кызыкчылыктардын кагылышуусу сот системасы үчүн эң олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат, анткени ал судьянын калыстык принцибине түздөн-түз таасир этет. Потенциалдуу жеке кызыкчылык да сот чечиминин объективдүүлүгүнө күмөн жаратышы мүмкүн.


Мындай жагдай судьянын процесстин катышуучулары менен жеке, мүлктүк же башка байланыштары же иштин жыйынтыгына кызыкчылыгы болгондо пайда болот.Бул мыйзамдын негизинде эмес, жеке жагдайлардын таасири астында чечим кабыл алууга алып келиши мүмкүн.


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда судьянын өзүнүн өзү четтетүү милдети каралган. Бул талапты аткарбоо коррупциялык тобокелдиктерди гана жаратпастан, коомдун сотко болгон ишенимин да жоготот.


Ачык-айкындуулукту жогорулатууда жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууда сот процесстерин санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү бүгүнкү күндө кандай роль ойнойт?


Санариптештирүүкоррупция менен күрөшүүдө эң натыйжалуу куралдардын бири болуп калды.Заманбаптехнологияларадам факторунун таасирин кыскартууга жана сот процесстерин мүмкүн болушунча ачык-айкын кылууга мүмкүндүк берет.


Иштерди автоматташтырып бөлүштүрүү, электрондук документ жүгүртүү, сот отурумдарына катышуу жана сот актыларына жетүү — мунун баары соттордун ишин жарандар үчүн ачык жана түшүнүктүү кылат.


Субъективдүү кийлигишүү канчалык аз болсо, ишеним ошончолук жогору болот. Бул жагынан алганда, санариптештирүү сот тутумунун беделин түздөн-түз бекемдейт.


Коррупцияга каршы саясаттын дагы бир маанилүү элементи болуп коррупциялык коркунуч тууралуу билдирген адамдарды коргоо эсептелет. Мындай коргоонун кандай механизмдери бар жана алар канчалык натыйжалуу?


Мыйзамдамындай адамдарды коргоо чаралары, анын ичинде алардын маалыматтарынын купуялуулугу, куугунтукка жол бербөө жана зарыл болгон учурда мамлекеттик коргоо каралган.


Бул механизмдермаанилүү, анткени алар жарандарга жана процесстин катышуучуларына мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүдөн коркпоого мүмкүндүк берет.


Бирок, алардын натыйжалуулугу системага болгон ишенимден көз каранды. Бүгүнкү күндө мамлекеттин жана сот бийлигинин милдети — ар бир адамдын кайрылуусу объективдүү каралып, укуктарынын корголушун камсыз кылуу.


Сиздин оюңузча, сот системасында коррупцияга жол бербөө маданиятын калыптандыруунун эң маанилүү шарты кайсы?


Эң негизгиси — бул ар бир судьянын жеке позициясы. Коррупцияга жол берилбейт деген ички ишеними болбосо, эч кандай мыйзамдар жана механизмдер иштебейт.


Мындай маданиятты калыптандыруу кесиптик этикадан, жоопкерчиликтен жана коомдогу өз ролун түшүнүүдөн башталат. Судья-бул жөн гана кызмат эмес, бул мыйзамга жана адилеттүүлүккө кызмат кылуунун жогорку миссиясы.


Бул позиция системанын ичинде нормага айланганда, эң башкысы-жарандардын сотко болгон ишеними калыптанат. Ал эми ишеним-күчтүү жана адилеттүү мамлекеттин негизи.