KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

«Жарандык процессдеги медиация», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө иштерди кароо» темасында жергиликтүү соттордун судьялары үчүн тренинг

14 мая 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде КР жергиликт соттордун судьялары үчүн эки күндүк тренинг башталды.


Биринчи күн «Жарандык процессдеги медиация» темасы каралып, лектор Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Чинара Курбанова болот.


Бир күн ичинде катышуучулар жарандык процессдеги медиация, судьянын медиациядагы ролу жана ыйгарым укуктары, сот менен медиаторлордун ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби жана медиация жүргүзүүгө байланыштуу соттун аракеттерин талкуулашат.


Аталган теманын максаты талаштарды жөнгө салуунун  альтернативдүү ыкмасы катары медиация жөнүндө жана медиацияда талашты жөнгө салууга тараптардын укугун түшүндүрүү аркылуу тараптарды жараштыруу боюнча судьяга жүктөлгөн маселени ишке ашыруунун тартиптери боюнча көз карашты калыптандыруу болуп саналат.


Буга чейин кылмыш ишиндеги медиация темасы боюнча октуу болгон.


Экинчи күнү КР Жогорку сотунун судьясы Айбек Давлетов болуп, «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө иштерди кароо» темасында лекция окуйт.


Тренингдин жүрүшүндө угуучуларды кызыктырган бардык суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Окутуу Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдары менен иштөө үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандыруу максатында биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун судьялары үчүн өткөрүүдө.