KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Көп жылдык эмгек жана ишке берилгендик: Кунтуган Ахмеджановнанын юбилейлик мааракеси

14 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин коллективи Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу, отставкадагы судья Доспаева Кунтуган Ахмеджановнаны юбилейлик мааракеси менен куттуктады.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Айгүл Анарбекова куттуктоо сөзүменен сүйлөп, Кунтуган Ахмеджановнанын жогорку кесипкөйлүгүн, акылмандыгын жана ишине берилгендигин белгилеп, ага бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, жан дүйнө жылуулугун жана иштеринде ийгиликтерди каалады.


Өз кезегинде, коллектив жана окутуучулар курамы маараке ээсин жылуу маанайда куттукташып, чын жүрөктөн бекем ден соолук, узун өмүр, кубаныч жана бакубат жашоо каалашты.


Иш чара салтанаттуу маанайда урмат-сыйга, жылуу эскерүүлөр менен коштолуп, Кунтуган Ахмеджановнаны чың ыклас менен терең урматташаарын кесиптештери баса белгилешти.