Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчылары жана сот отурумунун катчылары үчүн Комплекстүү окутуу программасы өтүп жатат.
Окутуунун алкагында катышуучулар жарандык жана кылмыш-жаза иштери боюнча кыргыз тилиндеги юридикалык терминологияны өтүшүүдө.
Аталган тема 2025-жылдын 12-августуна Жогорку соттун Төрагасынын буйругу менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңугужолу иш планын аткаруу максатында Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планына киргизилген.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар алар күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарылууга жатат. Ага байланыштуу сот системасынын кызматкерлери мамлекеттик тилдеги ченемдик укуктук актылардагы юридикалык терминдерди жана түшүнүктөрдү туура колдонууга тийиш.
Юридикалык терминологияны бирдей түшүнүүнү жана колдонууну камсыз кылуу максатында катышуучуларга кызмат учурунда колдонууга зарыл болгон расмий булактар, ченемдик укуктук актылар, терминологиялык сөздүктөр жана атайын юридикалык адабияттар түшүндүрүлөт.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар процессуалдык документтерди түзүүдө көп кездешкен каталарды карап чыгышат, практикалык кейстерди талдашат жана кыргыз тилиндеги юридикалык терминологияны туура колдонуу көндүмдөрүн бекемдөөгө багытталган тапшырмаларды аткарышат.








