KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын "Медиация жөнүндө" Мыйзамындагы жаңылыктар жөнүндө

29 апреля 2026

1-глава. Жалпы жоболор


2-беренеде. Негизги түшүнүктөргө төмөнкүдөй жаңы түшүнүктөр киргизилген:


2) соттук медиация — өз өндүрүшүндө турган иш боюнча соттун жиберүүсү боюнча жүргүзүлүүчү медиация жол-жобосу;


3) сотко чейинки милдеттүү медиация — мыйзамда ушул категориядагы иштер үчүн каралган учурда чыр-чатакты (талаш-тартышты) сотко чейин жөнгө салуу;


8) медиация борбору — ушул Мыйзамда каралган уюштуруу-укуктук формада жана тартипте эки же андан көп медиатордун демилгеси боюнча түзүлүүчү жана ушул Мыйзамга ылайык медиация практикасын жана медиаторлордун квалификациясын адистештирүү боюнча жогорулатууну жүзөгө ашыруучу медиаторлордун уюму;


9) медиациялык маалыматтык жолугушуу — чыр-чатакты (талаш-тартышты) чечүү үчүн медиацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо жана аларга медиация жол-жобосунун маңызын түшүндүрүү максатында медиатордун (медиаторлордун) чыр-чатактын (талаш-тартыштын) тараптары менен жолугушуусу, анын жыйынтыгы боюнча ушул Мыйзамда белгиленген тартипте тараптар медиация жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коет же аларга медиаторго кайрылуу жөнүндө маалымкат берилет;


13) медиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, ыйгарым укуктары ушул Мыйзамга жана мамлекеттик орган жөнүндө жобого ылайык аныкталуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары — ыйгарым укуктуу орган);


14) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагындагы медиациялык жардам — мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык көрсөтүлүүчү медиация;


15) медиациялык эскертме — келишимдин тараптарынын ортосунда талаш-тартыш келип чыккан учурда медиацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырган келишимдеги (контракттагы) жазуу жүзүндөгү шарт;


16) онлайн медиация — Кыргыз Республикасынын санарип мыйзамдарына ылайык санарип сервистерди, санариптик технологиялык тутумду жана (же) санарип экотутумун пайдалануу менен толук же жарым-жартылай жүргүзүлүүчү медиация.


Медиация  тараптарынын кызматташтыгы жана тең укуктуулугу принциби жаңы мыйзам боюнча жаңыга алмаштырылып, медиациянын тараптарынын өзүн-өзү аныктоосу жана тең укуктуулугуу принциби деп аталат.



  1. Эгерде медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарда башкасы каралбаса, жеке жана (же) юридикалык жактар, ишкердик ишти жүзөгө ашырган жактар же адамдар тобу медиаторду (медиаторлорду) же медиация борборун өз алдынча тандайт.

  2. Медиациянын тараптары талкуулануучу маселелердин тизмегин, чыр-чатакты (талаш-тартышты) жөнгө салуунун варианттарын, медиациялык макулдашуунун мазмунун, аны аткаруунун мөөнөттөрүн жана ыкмаларын, ошондой эле чыр-чатак (талаш-тартыш) жана медиация жүргүзүү боюнча башка маселелерди өз алдынча аныктайт.


Медиациянын башка катышуучулары медиациянын тараптарына консультацияларды жана сунуштарды бере алат, бирок чечимди медиациянын тараптары гана кабыл алат.



  1. Медиациянын тараптары медиация жүргүзүүдө жана өз ара алгылыктуу макулдашууну иштеп чыгууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.


Мыйзамдын 2-главасы медиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатка арналган. Атап айтканда:


9-берене. Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы


Ыйгарым укуктуу орган:


1) медиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзөт жана ишке ашырат;


2) медиация маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;


3) медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдардын укук колдонуу практикасына талдоо, мониторинг жүргүзөт жана жалпылайт;


4) медиация тутумунун иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат;


5) калкка медиация жөнүндө маалымдоону камсыз кылат;


6) Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;


7) Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын иши жөнүндө зарыл маалыматты сурайт;


8) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик актыларда каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.


10-берене. Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби



  1. Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары — Медиаторлордун реестри) ыйгарым укуктуу орган тарабынан кагаз же болбосо электрондук түрдө жүргүзүлөт жана анын расмий веб-сайтында жарыяланат.

  2. Медиаторлордун реестринин мазмуну жана аны жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

  3. Медиаторлордун реестрине киргизилүүгө тийиш болгон бардык өзгөрүүлөр медиаторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасына 15 календардык күндүн ичинде маалымдалууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы өзгөртүүлөрдү Медиаторлордун реестрине киргизүү үчүн аталган маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга 7 жумуш күндүн ичинде жиберет.


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги медиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Анын ыйгарым укугу Мыйзамдын 9-беренесинде, ал эми 10-беренесинде — Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби аныкталган. Буга чейин медиация чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган болгон эмес, реестрди жүргүзүү менен Республикалык медиаторлор коомчулугу алектенген.


3-глава. Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасына арналган.


Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы (мындан ары — Медиаторлор палатасы) — Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун ага милдеттүү мүчө болуусуна негизделген жана Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган медиаторлордун өз алдынча башкарылуучу кесиптик коомдоштугу.


2026-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасында Медиаторлор палатасынын жогорку башкаруу органы болуп саналган Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун съезди өткөрүлдү. Медиаторлордун съезинде Медиаторлор палатасынын Уставы бекитилип, Медиаторлор палатасынын Кеңеши, Этика боюнча комиссия, Ревизиялык комиссия түзүлгөн.


Медиатордун жана медиация борборунун укуктары жана милдеттери менен 4-главадан таанышсак болот.


19-берене. Медиаторго карата талаптар



  1. Төмөнкү адам медиатор боло алат:


1) 25 жашка толгон;


2) жогорку билими бар;


3) Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан бекитилген окуу программасы боюнча 80 сааттан кем эмес көлөмдө медиация боюнча базалык кесиптик даярдоонун жыйынтыгы боюнча сертификат алган;


4) ушул Мыйзамга ылайык медиатордун күбөлүгүн алган;


5) Медиаторлор палатасына мүчөлүккө кирген;


6) медиация борборуна мүчөлүккө кирген.



  1. Медиаторлор палатасына кирүү үчүн документтердин тизмеги Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан аныкталат.

  2. Төмөнкүлөр медиатор боло албайт:


1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;


2) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттолгондугу бар адам;


3) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган адам.



  1. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчыга медиатор болууга тыюу салынат.


5: Медиация борбору өзүнүн мүчөсү катары киргизүүчү медиаторлорго карата кошумча, атап айтканда адистештирүү боюнча квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттын болушу боюнча талаптарды белгилей алат.



  1. Медиатор отчетту Медиаторлор палатасынын кеңеши тарабынан бекитилген форма боюнча жана мөөнөттө тапшырууга милдеттүү. Отчет берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

  2. Үй-бүлөлүк, эмгектик иштер боюнча, кылмыш-жаза сот өндүрүшү жана (же) жаза аткаруу мыйзамдарынан келип чыккан иштер боюнча, ошондой эле бала ал иштердин тарабы болуп саналган же болбосо ишти анын эң мыкты кызыкчылыктарында чечүү үчүн анын катышуусу талап кылынган иштер боюнча медиация жүргүзүүгө тийиштүү чөйрөлөрдө 50 сааттан кем эмес көлөмдө квалификациясын адистештирилген жогорулатуудан өткөн медиатор укуктуу.


Жаңы Мыйзамда медиатордун статусун токтотуп туруу, кайра улантуу жана токтотуу каралган (20-берене). Жаңы Мыйзам кабыл алынгынга чейин медиатордун статусун токтотуу гана каралган.


Медиация чөйрөсүндөгү жаңычылыктардын бири, эки же андан көп медиаторлор медиация борборун түзүүгө укуктуу (22-берене).


Мыйзамдын 27-беренесинде медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүү тартиби, өткөрүү мөөнөтү белгиленген. Жарандык иштер боюнча медиациялык жолугушууну өткөрүү мөөнөтү өзгөртүлгөн эмес — 3 күн, ал эми кылмыш иштери боюнча 10 күндүк мөөнөт белгиленген.


Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан (Мыйзамдын 6-беренеси) төмөнкүлөр бекитилери аныкталаган:


1) сотко чейинки медиациялык маалыматтык милдеттүү жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары;


2) шектүү жана жабырлануучу аныкталган жана тараптар өз алдынча элдеше албаган шартта, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки стадиясында медиациялык милдеттүү маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштардын тизмеги;


3) сотко чейинки медиациялык маалыматтык милдеттүү жолугушууну өткөрүү тартиби, ошондой эле жарандардын медиациялык жардамга жетүү укугун камсыз кылуу максатында субъекттердин өз ара аракеттенүүсүнүн механизми (Мыйзамдын 27-беренесинин 6-бөлүгү, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет).


 


Маалымкатты


Кыргыз Республикасынын


Жогорку сотуна караштуу


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин


окутуучусу Курбанова Ч.Дж. түздү.