KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Соттордун аппаратынын кызматкерлери үчүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окутуу семинары

18 сентября 2025

Сотко түшкөн ар бир документтен адамдын тагдыры чечилиши мүмкүн экендигин түшүнүү маанилүү. Документтин жоголушу, өз убагында аткарылбашы же болбосо аны тийиштүү эмес аткаруучуга жиберилиши жарандын же уюмдун мыйзам тарабынан коргоолуучу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Мындай жагдай сот бийлигинин кадыр-баркын гана эмес, жарандардын сотко болгон ишеничин да түшүрөт. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинарлар үзгүлтүксүз болуп келет.


Бүгүн Сот адилеттигинин жогорку мектебинде «Биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүү, (протокол) сот ишин тариздөө» темасында түштүк аймагындагы жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлерин окутуу боюнча эки күндүк онлайн семинар башталды.


Лекторлор Усакпаева Гульзат Каныбековна – Свердлов райондук сотунун судьясы жана Абдыкеримова Айгуль Анарбековна – Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары болушат.


Семинарда сот отурумунун катчылары, соттордун жардамчылары жана иш кагаздарын жүргүзүүчүлөр катышкандыктан, биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүү, иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы жобосу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууну жетектөө, кызматтык документтерди жана актыларды даярдоо тартиби соттук иштерди соттук териштирүүгө даярдоо, сот отурумунун протоколун түзүү жана соттук материалдарды тариздөө жөнүндө темалар камтылат.


Тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.