KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

«Сот 3.0» АМС киргизүүнүн алкагында жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлерин окутуу

18 июня 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна карштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби сот тутумун санариптик өнүктүрүү боюнча координациялык жумушчу топтун мүчөсү болгон судьялар менен биргеликтре «Сот 3.0» Автоматташтырылган маалымат системасы (АМС) менен иштөө боюнча окутуу өткөрүп жатат.


«Суд 3.0» АМС этап-этабы менен ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарынын райондук сотторунун бөлүм башчылары, судьялардын жардамчылары, сот отурумдарынын катчылары жана консультанттары окутуудан өтүшүүдө.


Окутуу сот системасынын ишинде санариптик технологияларды натыйжалуу киргизүү максатында уюштурулуп, борбор калаанын райондук сотторунун кызматкерлери автоматташтырууга мүмкүндүк бере турган жаңы системанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүдө.


Окутуунун жүрүшүндө санариптик өнүктүрүү боюнча координациялык жумушчу топтун мүчөсү болгон судьялар «Сот 3.0» АМС киргизүүнүн максаттарын, системадагы иштин өзгөчөлүктөрүн, анын негизги функцияларын жана мурунку версиясы — АМС 1.0 версиясына салыштырмалуу артыкчылыктарын түшүндүрүштү. Системанын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жана куралдарына өзгөчө көңүл бурулду. Окутуунун катышуучуларын жаңы функционалды активдүү өздөштүрүүгө жана системаны андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар же сын-пикирлер болсо кайрылууга чакырышты.


Практикалык бөлүктүн алкагында колдонуучулардын ролу жана алар менен иштөө тартиби ачык көрсөтүлдү. Катышуучуларга иштерди каттоо жана бөлүштүрүү процесси, ошондой эле аларды кароонун этаптарын, аткарылган процесстик аракеттерди жана ар бир иш боюнча окуялардын хронологиясын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Мындан тышкары, сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган жаңы системанын башка функционалдык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.