Бүгүн, 7-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде эки күндүк биргелешкен тренинг башталды. Тренингдин катышуучулары судьялар, прокурорлор, адвокаттар жана сот приставдары болушуп, эки күндүн ичинде «Сот адилеттигин жүргүзүү процессинде судьялардын, прокурорлордун, адвокаттардын жана сот приставдардын соттук этикети» темасында окушат.
Лекторлор КР Жогорку сотунун отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Гутниченко Лариса Викторовна, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Давлетбаева Мадина Акремовна, Сот департаментинин директорунун орун басары, КР башкы сот приставы Рыскулова Джылдыз Джакшылыковна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыш-жаза, жарандык сот өндүрүшү жана сот чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Абдышев Медербек Шаршенбекович.
Тренингдин максаты угуучуларды атаандыштык процесстин шарттарында соттук этикеттин эрежелерине жана көндүмдөрүнө үйрөтүү, соттук териштирүүдө судьялардын, прокурорлордун, адвокаттардын жана сот приставдарынын жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана талдоо болуп саналат.
Окутуунун натыйжалары боюнча угуучулар соттук этикет түшүнүгүн жана маанисин, анын этика түшүнүгүнөн айырмасын, негизги талаптарды атап, соттун аппаратынын кызматкерлерине карата анын ролун жана маанисин түшүндүрүп бере алышат, ошондой эле сот адилеттигин ишке ашырууда тийиштүү тартипти камсыз кылуу боюнча сот приставдарынын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын түзө алышат.
Тренинг оюнга негизделген сот процесси, талкуу менен коштолот жана аягында катышуучуларга сертификаттар берилет.