KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кылмыш-жазык иштери боюнча биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьялары үчүн окутуу

09 июня 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьялары үчүн кылмыш-жаза иштери боюнча Комплекстүү окутуу программасы башталды.


Окутуу башталар алдында саламдашуу жана каалоо сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директордун орун басары Айгуль Абдыкеримова сүйлөдү.


9-июндан 20-июнга чейин уланган эки жумалык окутууда судьялар кылмыш иштерин кароого байланыштуу темаларды окушуп, аларга Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары лектор болушат.


Окутуунун алгачкы күндөрүндө, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормалары жана судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун укуктук негиздери жана жол-жоболору темалары каралат.


Калган күндөрү окуунун катышуучулары оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча далилдерди баалоо, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө эл аралык келишимдерди колдонуу, мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар  жана апелляциялык инстанцияда жазык иштерин кайра кароонун өзгөчөлүктөрү сыяктуу көптөгөн актуалдуу темаларды окушат.


Программада камтылган бардык темалар Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары жана чакырылган лекторлор тарабынан иштелип чыккан электрондук форматтагы окуу куралдары менен коштолот. Аталаган материалдар катышуучуларга окуу башталганга чейин алдын ала берилип, бул судьялардын кийинки кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонууга мүмкүндүк берет.


Окуунун соңунда катышуучулар компьютердик тестирлөөдөн өтүп, андан соң аларга тиешелүү күбөлүктөр тапшырылат.