KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Жарандарды кабыл алуу графиги Шаршемби күнү — саат 14:00 дөн 15:00 гө чейин
Байланыш: 0 (312) 45-65-77 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн онлайн окутуу

13 ноября 2025

КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби КР жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Мурастык талаштарды кароонун өзгөчөлүктөрү», «АМС жергиликтүү сот («Сот», «САМР» жана  «АВФ»)» темаларында эки күнгө созулган окутуу өткөрүп жатат.


Окуунун биринчи күнүндө Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Айтбаева Индира Мукашевна мураска өтүүнүн негиздери, мурас мүлкүнүн курамы, мураска татыксыз мураскерлерди четтетүү жана башка мурастык талаштарга байланыштуу темаларга токтолот.


Анын максаты-практикалык ишмердүүлүктө негиздүү жана мыйзамдуу чечимдерди чыгарууда материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин так сактоо үчүн катышуучуларга мурас талаштарында укук ченемдерин колдонуу көндүмдөрүн иштеп чыгуу.


Экинчи күнү Ош шаардык сотунун судьясы Сыдыгалиев Бактыбек Арленович автоматташтырылган маалымат системасы, мамлекеттик сот актыларынын реестри жана сот отурумдарын аудио-видеого тартуу темаларында лектор болот.


Сот адилеттигинин жогорку метеби катышуучуларга электрондук форматта окуу куралдыр менен камсыз кылып, окуунун соңунда белгиленген үлгүдөгү онлайн-сертификаттар тапшырылат.