Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби 2022-жылдын 28-июлундагы №14 Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускама менен жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлерин окутууну улантууда
Окутуу онлайн форматта жүргүзүлөт жана эки күнгө созулат. Катышуучулардын ыңгайлуулугу үчүн окуу эки топко бөлүнүп уюштурулат. Эки топ тең «Биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүү, (протокол) сот ишин тариздөө» темасында 8 саатка созулган окутуудан өтүшөт.
Лекторлор Свердлов райондук сотунун судьясы Усакпаева Гульзат Каныбековна жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Абдыкеримова Айгуль Анарбековна болушат.
Окуу учурунда катышуучулар биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүү, иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы жобосу жана уюштуруучулук жетекчилик, кызматтык документтерди, актыларды, соттук иштерди соттук териштирүүгө даярдоо тартиби, ошондой эле иш кагаздарды жүргүзүүгө байланыштуу темалар каралат.
Сот адилеттигинин жогорку метеби катышуучуларга электрондук форматта окуу куралдар менен камсыз кылып, окуунун соңунда белгиленген үлгүдөгү онлайн-сертификаттар тапшырылат.








