КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүү, сот ишин тариздөө боюнча окутуулар уланууда.
Семинар эки күнгө созулуп, биринчи күнү жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары, экинчи күнү сот аппарат кызматкерлеринин окушат.
Окутуу онлайн форматта өтөт. Лекторлор Свердлов райондук сотунун судьясы Усакпаева Гульзат Каныбековна жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Абдыкеримова Айгуль Анарбековна болот.
Окуу учурунда катышуучулар биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүү, иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы жобосу жана уюштурууну жетектөө, кызматтык документтерди, кызматтык актыларды, соттук иштерди соттук териштирүүгө даярдоо тартиби, ошондой эле, сот отурумунун протоколун жана түзүү маселелери каралат.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму менен бекитилген Нускамага ылайык жүргүзүлөт.
Семинардын соңунда катышуучуларга белгиленген үлгүдөгү онлайн-сертификаттар жиберилет.








