Коомдук пикирди калыптандырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана социалдык тармактардын ролу өсүп жаткан учурда сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Сот тутумунун ЖМК менен өз ара аракеттенүүсү, социалдык тармактарды пайдалануу» темасында бир күндүк онлайн семинар уюштурду.
Семинарда КР Жогорку сотунун басма сөз-катчылары Чынара Мамытканова, Изати Шугуралиева жана чакырылган медиа-эксперт Каныбек Темиров,санариптик технологиялар, SMM боюнча эксперт Светлана Марголис лектор болушту.
Семинар басма сөз – катчыларынын профессионалдык компетенциясын жогорулатууга багытталган. Иш чарада жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүдө заманбап ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрун каралды. Ошондой эле, окуу учурунда соттун ишин юридикалык тилде элге түшүндүрүү, пресс-релиз жана сотто болуп жаткан жаңылыктары даярдоо, кризистик коммуникацияларда иштөө, ошондой эле социалдык тармактар менен визуалдык контентти колдонуу темалары талкууланды. Андан сырткары, “Басма сөз-кызматынын ишинде жасалма интеллекттин куралдарын колдонуу” боюнча мастер класс өттү.
Семинардын соңунда күнүмдүк практикада кетирип жаткан мүчүлүштүктөр талкууланып, окутуу жыйынтыкталды.








